«Жумгал ишкерлери» ААКсы ишкерлерге ыраазычылык билдиришти

Автор: sayak, November 5, 2012

Үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарында болуп өткөн «Жумгалым менин мекеним» аталыштагы Жумгалдыктардын бизнес форумунда түзүлгөн «Жумгал ишкерлери» ачык акционердик коомуна, бизнес форумда туулуп өскөн мекенине жардам берем деп убада кылып, сөздөрүнө туруп аткарып жаткан жердештерибизге «Жумгал ишкерлери» ААКсы ыраазычылык катын жолдошту, бул тууралуу аталган коомдун өкүлчүлүгү маалымат борбордо болуп өткөн коомдук жыйында билдиришти.

Бизнес форумда айткандарын аткарбагандардын саны көп болсо дагы, айрым ишкерлер айткандарын аткарып келишет, алардын айтымында азыркы учурда «Жумгал ишкерлери» ААК сынын балансасында 2 млн. сомдон ашык акча каражаты топтолгон, бизнес форумда өз сөзүнө туруп акча каражатын биринчилерден болуп которуп бергендер Өмүрзаков Бакыт Алапаевич 94 миң сом, Качкынов Бакыт 100 миң сом, Тыналиева Бегайым Түнкатаровна 50 миң сом, Кулбараков Автандил Илдузович 500 миң сом, «Көкөмерен» ААКсы 100 миң сом, ЖЧК «Бусурманкул-Т» 500 миң сом, ЖЧК «Пандж-Шер» 500 миң сом жана ЖЧК «АГК-Тооинвест» көмүр казган ишканалары 500 миң сомдон которуп беришкен.

Төмөндө аты аталган ишкер жана ишканалардын ээлерине »Жумгал ишкерлери» ААК тарабынан терең ыраазычылык билдирип мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иштеп, эл үчүн, Жумгалдыктар үчүн түзүлгөн коомуна колдоо көрсөтүп жардам бергениңиздерге ыраазыбыз, дайым бар болуңуздар, иштериңиздерге ийгилик каалайбыз дейт аталган коомдун өкүлчүлүгү.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.